Октябрь айында Ош шаарында эрежесиз эр уруш боюнча өлкө чемпиондугу уюшулат

Октябрь айында Ош шаарында эрежесиз эр уруш боюнча өлкө чемпиондугу уюшулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов кабарлады.

“Бул спорт түрү Кыргызстанда кенен жайылып баратат. Бирок Минск шаарында (Беларусь) өткөн Дүйнө чемпиондугунда биз билген эрежелер менен андагы эрежелердин айырмасын байкадык. Мисалы, биздин спортчулар Дүйнө чемпиондугунда мушташып жатып, атаандаш тизелеп калганда башка тээп алып жатышты. Негизи, Дүйнө чемпиондугунун жобосунда мындай эреже жок болгондуктан, спортчуларыбызга эскертүүлөр берилди. Бул спорт түрүн өнүктүрүү үчүн быйыл октябрь айынын аягында Ош шаарында өлкө чемпиондугун уюштурганы турабыз”,- деди А.Алымкулов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ganibal87
2014-09-16 14:56:15
Жакшы жок дегенде ережесиз уруштан байрагыбыз желбиреп жатат Москвада
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан