“Рио-де-Жанейро-2016” Жайкы Олимпиадасында эң кымбат билет 2 миң доллар болсо, эң арзаны 17 долларга барабар болот

“Рио-де-Жанейро-2016” Жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруу тобу оюндарга кирүүнү камсыздаган билеттердин баалары тууралуу маалымат таратты. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Маракана” стадионунда өтүүчү ачылыш аземине кирүүнү шарттаган билеттердин көп сатылуусу болжонууда. Ошол себептүү аларга болгон баа дагы бир топ өсүп, 2 миң долларга чейин жетери күтүлөт. Ачылыш аземине кирүүнү каалаган күйөрмандар эң арзан билетти 200 реалга (87 доллар) ала алышат. Жалпысынан сатыкка 7,5 миллион билет коюлат. Мелдештин жүрүшүндө эң арзан билеттердин баасы 40 реалга барабар болот (17,4 доллар). Мындай баадагы билеттер менен спорт сүйүүчүлөрү чөп үстүндө ойнолуучу хоккей сыяктуу оюндарга күбө боло алышат. Азырынча студенттерге жана пенсионерлерге билеттин баасын арзандатуу тууралуу сөз козголо элек.

Кошумчалай кетсек, кезектеги Жайкы Олимпиада оюдары 2016-жылы 5-21-август аралыгында Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Билеттер 2015-жылдын башында сатыкка коюлат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан