Футбол боюнча 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун даярдыгына федералдык бюджеттен 142 миллиард рубль каралат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул федералдык фонддун 2015-жылга карата бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу боюнча мыйзамынын негизинде ишке ашырылат. Каражат жалпысынан транспорт системин жакшыртууга жана башка даярдыктарга сарпталары айтылууда.