Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейинки убакытта өтө турган Азия оюндарында Кыргызстандын желеги астында грек-рим күрөшү боюнча 7 балбан күрөшкө түшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курамдын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев курамга 7 балбанды бекиткен. Азия оюдарында жалпысынан 8 салмактык бөлүктө медалдар ойнотулат.
Курамга Каныбек Жолчубеков (59 килограмм салмакта), Руслан Царев (66 кг), Эсенгелди Кожобек уулу (71 кг), Самат Шырдаков (75 кг), Жанарбек Кенжеев (80 кг), Азат Бейшебеков (85 кг) жана Мурат Рамонов (130 кг) сыяктуу балбандар кирген.