Кореяда өтүүчү Азия оюндарына аттанган Кыргызстандын спорттук делегациясы Инчхон шаарына жетти. Спортчулар андан соң өзүлөрү алдыда жашай турган аймакта расмий желек илүү аземине катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Азия оюндарынын расмий сайты маалымдады.
Айрым спортчулардын спортчулар жашай турган базаны тааныштырган видеолору да жарык көрүүдө.
Кошумчалай кетсек, Азия оюндары 19-сентябрда башталып, 4-октябрда аяктайт. Анда Кыргызстандын желеги астында 121 спортчу өз дареметин сынайт.