Кореянын Инчхон шаарындагы Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча тайпалык оюндар орун алып жатат. Бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстан курама командасы тайпалык баскычта Иран курамасына каршы беттеш өткөрөт. Беттеш "Муняк Стэдиум" стадионунда болот. Башталышы 14:00 (Бишкек сааты менен).
Кошумчалай кетсек, Иран 15-сентябрда 1-турда Вьетнам менен кез келген. Бул оюнда 4:1 эсебинде вьетнамдыктар жеңишке жетишкен. Эгер бүгүнкү оюнда Кыргызстан жеңишке жетишсе, кураманын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү артат.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын курамына 20 футболчу кирген. Тизме: Ажиниязов Марат, Ахмедов Муролимжон, Акималиев Калысбек, Байматов Азамат, Дорогинский Евгений, Дуванаев Бекмырза, Эсенкул уулу Чолпонбек, Юсупов Мустафа, Карипов Манас, Кашуба Валерий, Көлбаев Кайрат, Кудайбердиев Мирбек, Мусабеков Фархат, Откеев Авазбек, Сатаев Нуркал, Шаршеев Санжар, Сыдыков Азиз, Умаров Акрамжон, Жыргалбек уулу Кайрат, Зинченко Максим.