Чемпиондор Лигасы: “Бавария” менен “Барселона” 1 гана гол менен 3 упайдан алышты

17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү футбол боюнча Европадагы эң беделдүү лига болгон УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы 1-тур оюндары орун алды. 4 тайпада жүргөн 8 оюндун ичинен төртөө тең чыгуу менен аяктаса, 4 беттеш үй ээлери болуп ойногон командалардын жеңиштери менен аяктады. Лигага жаңы гана кайтып келген италиялык “Рома” орусиялык ЦСКАнын үстүнөн ири эсептеги жеңишти камсыздаса, португалиялык “Порту” атаандашы БАТЭге кенедей да мүмкүнчүлүк калтырган жок.  

“E” тайпасы

* Акыркы кездерде Орусия курама командасын машыктырып жүргөн италиялык машыктыруучу Фабио Капелло “Рома” менен ЦСКАнын оюнуна жандуу күбө болуп кайтты.

* ЦСКАнын дарбазачысы Игорь Акинфеев УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ушуну менен 22-оюнда катары менен дарбазасына гол өткөрүп жиберди.

* “Романын” башкы машыктыруучусу Руди Гарсия бул жеңиш италиялыктар үчүн өтө жеңил болгонун, атаандаш тараптан эч кандай кысым болбогонун айтты.

“РОМА” (Италия) - ЦСКА (Орусия) – 5:1

Голдор: Итурбе (6-мүнөттө), Жервиньо (10-мүнөттө), Майкон (20-мүнөттө),  Жервиньо (31-мүнөттө), Игнашевич (50-мүнөттө, өз дарбазасына), Муса (82-мүнөттө).

“БАВАРИЯ” (Германия) – “МАНЧЕСТЕР СИТИ” (Англия) – 1:0

Гол: Боатенг (90-мүнөттө)

“F” тайпасы

* “F” тайпасында бир топ жаңылыктар катталды. “Барселонанын” жарым коргоочусу Хави АПОЭЛге каршы оюнда майданга чыгып, бул лигада өткөргөн оюндардын саны боюнча белгилүү футболчу Рауль Гонзалестин рекордун жаңылады. Эки футболчунун эсебинде азыр 142ден оюн болду.

* “Барселонанын” оюнчусу Дани Алвес бул оюнда жеңиш менен катар өзүнүн мааракелик оюнга чыкканын кошо белгиледи. Ал “Барселонанын” формасын кийип 300-ирет майданга чыккан.

“БАРСЕЛОНА” (Испания) - АПОЭЛ (Кипр) – 1:0

Гол: Пике (28-мүнөттө)

“АЯКС” (Голландия) - ПСЖ (Франция) – 1:1

Голдор: Кавани (14-мүнөттө), Шёне (74-мүнөттө).

“G” тайпасы

* Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонун мадриддик “Реал” менен италиялык “Рома” 5 гол киргизүү менен баштады. “G” тайпасында болсо 4 гана гол кирди. Бардык командалар тең ойноп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн баары сактап турушат.

“ЧЕЛСИ” (Англия) – “ШАЛЬКЕ” (Германия) – 1:1

Голдор: Фабрегас (11-мүнөттө), Хунтелар (62-мүнөттө).

“МАРИБОР” (Словения) – “СПОРТИНГ” (Португалия) – 1:1

Голдор: Нани (80-мүнөттө), Захович (90-мүнөттө).

“H” тайпасы

* “Порту” 6 гол киргизип, быйылкы жылдын эң ири эсебин (азырынча) каттады. “Портунун” оюнчусу Ясин Браими болсо өз эсебине 3 гол жазып, мелдештин бомбардирлеринин алдынкы сабына чыкты.

“ПОРТУ” (Португалия) - БАТЭ (Беларусь) – 6:0

Голдор: Браими (5-мүнөттө), Браими (32-мүнөттө), Мартинес (37-мүнөттө),  Браими (57-мүнөттө), Адриан (61-мүнөттө), Абубакар (76-мүнөттө).

“АТЛЕТИК” (Испания) – “ШАХТЁР” (Украина) – 0:0 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sportsmen.boy
2014-09-19 07:31:31
Мыктылары иргеле берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан