Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 18-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган РИИБдин тергөөчүсү Б.И. бейбаштык боюнча ачылган кылмыш ишин иликтеген. Ал кызмат абалынан пайдаланып, кылмышка шектүү Э.Анын атынан бир катар документтерге кол койгону аныкталган. Айыпталуучу адвокаттын кызматынан баш тартканы боюнча арызга, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышкандыгы, айыпталуучу катары жоопко тартылары турган протоколго, баш коргоо чарасы жазылган документке тергөөчү өз алдынча кол коюп, кылмыш ишин сотко жөнөткөнү такталган. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "далилдерди бурмалоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.