“Инчхон-2014” Азия оюндары: Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Иран менен 1:1 эсебинде тең ойноду (фоторепортаж)

Бүгүн, 18-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүүчү Азия оюндарынын футбол боюнча мелдешинде Кыргызстан олимпиадалык курама командасы Иран менен 1:1 эсебинде тең ойноду.

Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгү 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Кыргызстан курамасы коргонууга ыктаган стилдеги оюн алып барып, кези келгенде каршы чабуул коюп жатты. Ушуну эске алып, оюнда демилге Ирандын оюнчуларынын колунда болду десек болот. Экинчи таймдын 78-мүнөтүндө бурчтан чыгарып берүүдө оюн эсеби өзгөрүп, ирандыктар алдыга чыгышты. Кыргызстан курамасын бул жолу жеңилүүдөн Азамат Байматов сактап, оюндун 90-мүнөтүндө эсепти теңегенге үлгүрдү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KG-Oligarh
2014-09-18 16:43:55
Азаматсыңар!!!
+1
suksuraliev1990
2014-09-18 16:44:23
Азаматсын Азамат.
+1
Ariet7
2014-09-18 18:36:40
Так держать!1:1болсо да мейли эми акырындап которулобуз да
0
Zarema94
2014-09-18 19:15:19
Ийгилик!
0
Ruslan_d
2014-09-18 23:23:44
Азаматсынар! Кийинки оюунда да ушундай тен чыксанар тайпадан кенири чыгат экенбиз. Алга жигитер!
+3
nurkasym-2014
2014-09-19 08:45:30
Азаматтар ойнош керек,утуш керек биздин спорт онугот коросунор. Акырындап онуго баштады десек болот.
+1
Nursss_Real_Madrid
2014-09-19 14:32:20
эми качан саат канчада кайсы команда менен ойнойт айтып койгулааачыыы???
0
adidilet
2014-09-19 14:59:33
Кийинкисин 22-сентябрда саат 14:00дө Вьетнам менен ойнойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан