"Көчмөндөр оюндарында уткан спортчулар байгеге коюлган акчаларын ала албай жатышканы тууралуу маалымат орунсуз" дешет уюштуруучулар

"Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү аталган спортчулар байгеге коюлган акчаларын ала албай жатышканы тууралуу таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт",- деп билдирди Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов бүгүн, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйындан кийин. 
"Биз банктардын бири менен макулдашып, сыйлыкка каралган акча каражаттарын банкка которгонбуз. Жеңүүчү аталган спортчулар Жер шарынын кай жагына барышпасын, ушул банктын банкоматтарынан акча каражаттарын ала алышат. Аларга, балким, банкоматтан алууда кыйынчылык жаралып жаткандыр. Мамлекет спортчулардын акчаларын кармап калган жок",- деди ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur45
2014-09-19 13:30:53
Унуну да жеп койбогула эми.
-1
PROS
2014-09-19 17:08:18
Майдандын курулушунда иштегендердин акчасын бербей коюптур деп айтышты эле, эми ал аз келгенсип женуучулордун акчасын да бербей коюшпаса эле(((
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан