Кореядагы Азия оюндарына катыша турган спортчулардын курамы 6 спортчуга кыскарды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 121 спортчунун катышары кабарланган. Бүгүн ачылыш аземи күтүлүп жаткан мелдеште каражаттын жетишсиздигинен улам Кыргызстандын курамы 6 спортчуга кыскарып, өлкө намысын 115 спортчу коргомой болду. Тизмеден дзюдочулар Чынгыз Мамедов, Руслан Жаныбек уулу, жаа атуу спорту боюнча катыша турган Нурсултан Мамытбек уулу, Бектур Дооронбеков, оор атлетика боюнча катышары күтүлүп келген Айдар Мамадраимов жана парус спортунан күч сынай турганы айтылып келген Илья Игнатьев чыгарылды.