Инчхон-2014: Түштүк Кореяда Азия оюндары расмий түрдө башталды

АЧЫЛЫШ АЗЕМИНДЕ "ГАНГНАМ СТАЙЛ" ЖАҢЫРДЫ

Кечээ, 19-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында тарыхта 17-ирет уюшулуп жаткан Азия оюндарынын ачылыш аземи болду. Анда даярдалган программада Кореянын тарыхы кенен чагылдырылган. Андан тышкары кореялык поп-музыкасынын көрүнүктүү өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты. Албетте, “Гангнам стайл” ыры менен дүйнөгө аты чыккан PSY дагы четте калбай, Түштүк Корея уюштуруп жаткан Азия биринчилигинде эл алдына чыкты. Андан соң катыша турган бардык мамлекеттин өкүлдөрү параддык жүрүшкө чыгышты. Кошумчалай кетсек, 4-октябрга чейин созулат.

АЗИЯ ОЮНДАРЫ ӨТӨ ТУРГАН СТАДИОН 62 МИҢГЕ ЖАКЫН АДАМГА ТУУРАЛАНГАН

Азия оюндарын Түштүк Корея ушуну менен өз тарыхында үчүнчү ирет уюштуруп жатат. Буга чейин Азия оюндары 2002-жылы Кореянын Пусан шаарында, 1986-жылы Сеул шаарында өткөн. Бул оюндар Азия континентинин аймагынан 45 мамлекеттин катышуусунда өтүп жатат. Мелдешке катыша турган 14 миңге чукул спортчу спорттун 36 түрүнөн өз күчтөрүн сынайт. Кошумчалай кетсек, 45 мамлекеттин ичинде Кыргызстан да бар. Кыргызстандын желеги астында 115 спортчу өз дареметин көрсөтөт. Оюндар өтө турган башкы стадион 61 944 адамга туураланган. Оюндар бүткөн соң стадион маданий борборго айланат. Расмий ачылыш аземи, жабылуу аземи, жеңил атлетика оюндары жана башка спорт түрлөрү боюнча оюндар ушул жайда өтөт.

КОРЕЯ МЕДАЛДАРДЫН САНЫ БОЮНЧА КЫТАЙДАН АШУУНУН АРАКЕТИН КӨРӨТ

Корея Азия континентинде спорттук тарыхын жазган ири державалардын бири, спорттун өнүккөнү боюнча Иран, Япония жана Кытай мамлекеттеринен кем калбайт. Кореялык спортчулар 2010-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында командалык эсепте экинчи орунду ээлеп, кийинки Азия оюндарында бул континентти дагы бир багындыра турганына олуттуу билдирүү жасашкан. Бирок мелдештин акыркы 8 жолку уюшулуусунда Кытай медалдардын санынан биринчи орунду ээлеп келет. Бул жолу да спорт адистери “үй ээлери медалдардын эсеби боюнча алдына эч кимди салбайт” деп ишенимдүү божомол беришкен жок. 2010-жылы Кытай жалпысынан 416 медаль утуп, алдынкы сапка чыккан. 2010-жылкы Азия оюндарындагы медалдардын эсеби төмөнкүчө:

Орун              Мамлекет                 Медалдардын саны

1                      Кытай                        416

2                      Түштүк Корея           232

3                      Япония                      216

4                      Иран                          59

5                      Казакстан                  79

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА 3 ИРЕТ АЛТЫН УТКАН 

Азия оюндарын “Азиянын Олимпиадасы” деген расмий эмес ат менен атап жүрүшөт. Оюндардын программасы Олимпиада оюндарынан дээрлик айырмаланбайт. Болгону Азия оюндарына ушул континенттин өкүлдөрү гана катышса, Олимпиадага дүйнө жүзү катышат. Азия чөлкөмүндөгү эң ири мелдештердин бири болгон бул оюндар алгач 1951-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп, ага 11 мамлекеттен келген 489 спортчу 6 спорт түрү боюнча катышкан. Андан соң мелдеш ар 4 жыл сайын уюшулуп, барган сайын катышкан мамлекеттердин, спортчулардын жана спорт түрлөрүнүн саны артып жүрүп отурган. Эң чоң кеңейтүүлөрдүн бири 1994-жылы катталган. СССРден бөлүнүп чыккан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан бир катар мамлекеттердин каршылыгына карабай оюндарга катышууга чакыруу алган. 1994-жылы мелдеш Япониянын Хиросима шаарында өткөн. Кыргызстан ошол жылдан тарта быйыл алтынчы ирет оюндарга катышып отурат. Бүгүнкү күндө кыргыз спортчулары алып келген медалдардын саны 41ди түзөт. Анын үчөөсү алтын, 14ү күмүш, 24ү коло медалдар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patrik
2014-09-20 09:32:31
Алтындарды кутобуз!
+3
aikol87
2014-09-20 10:28:07
Ийгиликтер коштосун.
+2
Patriot92
2014-09-20 17:26:11
жакшы мекендештер ийгилик байгелуу орундарды ээлеп кайткыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан