Чүй облусунда өзүн "кылмыштуу топтун мүчөсүмүн" деп тааныштырып, жеке ишкерди коркутуу жолу менен акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, белгисиз бир жаран Чүй облусунун тургунун коркутуп, андан 80 миң сом алган. Көп өтпөй кайрадан 7000 сом талап кыла баштаган. Бул учурда милицияга кабар жетип, ИИМ уюштурган атайын операциянын артында кылмышка шектүү жаран колго түштү. Кармалган адам 36 жаштагы, мурда 2 жолу соттолгон Ош облусунун тургуну экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Окуя иликтенип жатканы маалымдалды.