Бүгүн, 20-сентябрда "Инчхон-2014" Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык 7 спортчу 4 спорт түрүнөн өз күчүн сынайт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ушу-саньда спорту боюнча Альбина Мамбетова 52 килограмм салмактык бөлүктө пакистандык өкүл менен кез келет. Фехтование спорту боюнча кыргызстандык Роман Петров жекеликте Монголиянын өкүлүнө каршы турса, Михаил Иванов командалык эсепте 6 беттеш өткөрөт.
Дзюдо боюнча аттанган спортчулардан Арген Бактыбек уулу (60 кг) менен Айканыш Аманова (48 кг) өз салмактарында бирден беттеш өткөрүшөт. Ошондой эле дзюдочу Ксения Бельдягина 52 килограмм салмакта Түркмөнстандын өкүлүнө каршы турат. Мелдештин баштапкы күндөрүндө спорттук майданга чыга тургандардын ичинде оор атлеттер да бар. Бүгүн Жаңыл Окоева оор атлетика боюнча 48 килограмм салмакта күчүн сынайт.