20-сентябрга караган түнү АКШда жашап, машыгып жүргөн кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев 70 килограмм салмактык бөлүктө профессионалдар арасында кезектеги беттешин өткөрүп, жеңишке жетишти. Бул тууралуу мушкердин жакындары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Урматтын бул жолку атаандашы Малик Базил аттуу мушкер болду. Лос-Анжелес шаарында өткөн беттеш 6 раундга созулуп, Урмат упайлардын эсебинен жеңишке жетишти. Кошумчалай кетсек, Урмат профессионалдык рингде ушуну менен төртүнчү ирет беттеш өткөрүп, үчүнчү ирет жеңишке жетишти. Анын эсебинде 1 тең чыгуу бар.