Инчхон-2014: Альбина Мамбетова ушу-саньда боюнча биринчи беттешинде жеңишке жетишти

Кечээ, 20-сентябрда Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык Альбина Мамбетова биринчи беттешин өткөрүп, жеңишке жетишти. Ал ушу-саньда боюнча 52 килограмм салмактык бөлүктө пакистандык Хиба Моаззам менен кез келип, 2 раунддун жыйынтыгында жеңишке жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Альбина кезектеги беттешин эртең, 22-сентябрда кытайлык Луан Чжанга каршы өткөрөт. Эгер жеңишке жетишсе, жарым финалдык жолдомого ээ болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gensek
2014-09-21 12:18:22
красавица брат) ))
+1
danik0101
2014-09-21 12:31:23
Азамат кытайды пачагын чыгар)))
+3
aikol87
2014-09-21 13:15:53
Азамат.Алтын ал эми, калганында женип.
+1
Dadasdasd
2014-09-21 13:21:41
Азамат. Бирок пакистан менен кытайдын айырмасы бар. Ийгилик каалайбыз.
+1
mamashov-emil
2014-09-21 14:33:46
azamat kyz eken, super info kyrgyzstandyk sportchulardyn kaisy kunu saat kancha oinoit ubaktylaryn ataiyn jazyp chygarsanyzdar bolobu chet jakta jurgon jarandar bundai oiundardy kyzyguu menen korup boleit etebiz
0
admin_portal
2014-09-22 10:16:14
mamashov-emil, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан