Бишкекте улан-кыздар стриптиз үчүн шыргыйда татаал жана күлкүлүү ыкмаларды аткарышты (фоторепортаж)

20-сентябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында шыргый менен коштолгон акробатика боюнча 4-республикалык чемпиондук өттү.

Анда жалпысынан 30дан ашуун спортчу катышты. Алар тажрыйбага жана акробатиканын түрүнө ылайык бөлүнүп, төмөнкү 5 категория боюнча күчтөрүн сынашты:

1) “Спорт сүйүүчүлөрү-1” категориясы (8 айга чейин машыккандар);

2) “Спорт сүйүүчүлөрү-2” (8 айдан 1,5 жылга чейин машыккандар);

3) “Артисттик” (артисттик өнөргө көбүрөөк көңүл бурулган номер);

4) “Акробатика” (күч менен коштолгон ыкмаларга көбүрөөк көңүл бурулган номер);

5) “Эркектердин акробатикасы”;

6) Дуэттер (эки адам катышкан номер).

Мелдештин жыйынтыгында “Спорт сүйүүчүлөрү-1” категориясында Наталья Бережная, Анастасия Слугина жана Валерия Шустова жеңүүчү болушту. “Спорт сүйүүчүлөрү-2” категориясынын мыктыларынын катарына Асел Ибраева, Виктория Глущенко жана Кайыргүл Жакшылыкова киришти.

Калыстар тобу шыргыйда эң мыкты артисттик номерлерди көрсөткөн деп Каныкей Сейтказиева, Ольга Самченко жана Майя Пахомованы сыйлашты. Ал эми эң оор болуп саналган “акробатика” категориясы боюнча Елена Бертхольд жеңишти багынтты. Анын атаандаштары Юлия Барткевич, Ася Багдасарова күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

"Уландардын акробатикасы" категориясында судьялар Рустам Дөөлөткуловду, Темирлан Маматовду жана Файз Орозбаевди мыкты деп табышты. Ал эми мелдешке катышкан 2 дуэттен Ксения Балакирева жана Екатерина Шевцованын номери калыстарга гана эмес, жалпы көрүүчүлөргө да жакты.

Айта кетсек, шыргый менен коштолгон акробатика боюнча Республикалык чемпиондук 2010-жылы башталган. 

Бишкекте шыргыйда бийлөө боюнча чемпиондук өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nur-patriot
2014-09-22 10:27:46
кыздар ничёшкалар экен !!
+1
myrza80
2014-09-22 10:37:34
Эмне гимн кыргыздарга эле тийешелуубу?башкалар жон эле турушат.
+2
alirun
2014-09-22 16:46:01
myrza80, мен да ошону айтайын деп жаткам.
0
OTYPBARATYPELEEE
2014-09-22 12:45:49
Кыргыз кыздары менен кыргыз жигиттери бийлебей эле койсо жакшы болмок. "каргага тенелип каздын буту сынат" болбой. :-)
-1
aidai89
2014-09-22 13:37:25
ушу кыргызбыз да бирибизди бирибиз басынтып эле турабыз
+1
aidai89
2014-09-22 13:38:30
гимнге чын эле кыргыздарга эле керек го бирок ошентип туруп койгондоруна рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан