Чүйдө тамекисин өчүрбөй уктап калган жаран келип чыккан өрттөн улам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ысык-Ата районунун Киров айылындагы үйлөрдүн биринен 33 жаштагы С.Толмачёв аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала иликтөөлөрдө, аталган жаран чылым чегип жатып өчүрбөстөн уктап калган. Чылым төшөккө түшүп, өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланып каза тапкан.