Кечээ, 21-сентябрда Казакстандын Шымкент шаарында бильярддын динамикалык пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу аяктады. Мелдешке Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Чехия, Тажикстан, Иран, Ооганстан, Орусия, Болгария, Германия, Польша, Өзбекстан, Беларусь, Молдова, Түркия, Азербайжан, Украина, Түштүк Корея жана Франциядан жалпысынан 53 кий чебери катышты. Жыйынтыгында кыргызстандык Каныбек Сагынбаев Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Каныбектин финалдагы атаандашы казакстандык Даурен Урынбаев болду. Финалда 7:5 эсеби катталды.
Кошумчалай кетсек, Каныбек Сагынбаев карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугун утту. Ал буга чейин 2007-жылы Орусияда жана 2010-жылы Германияда Дүйнө чемпиону аталган.