Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы Вьетнам менен кез келет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, "Н" тайпасында өтө турган бул беттеш Бишкек сааты боюнча 14:00дө болот.
Кошумчалай кетсек, Вьетнам курама командасы биринчи беттешинде Иран курамасын 4:1 эсебинде утуп алган. Ал эми Иран менен Кыргызстан 1:1 эсебинде тең ойногон. Тайпада вьетнамдыктардын эсебинде 3 упай, Иран менен Кыргызстандын эсебинде бирден упай бар. Буларды эске алсак, жеңиш Кыргызстандын тайпадан биринчи болуп чыгуусун камсыздайт. Ал эми тең чыгуу же минималдуу эсепте жеңилүү да Кыргызстанга тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.