Инчхон-2014: Кыргызстандык спортчу Дарья Таланованын сууда сүзүүдө байге алууга мүмкүнчүлүгү али бар

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 100 метрликте сууда сүзүү боюнча Кыргызстан курамасы байгелүү орунга илинбей калды. Бул спорт түрүнөн Кыргызстандын намысын жалгыз гана Дарья Таланова талашууда. Бул тууралуу КРнын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, Д.Таланова 100 метр аралыкта сууда сүзүүдө 8-орунду ээледи. Спортчу бүгүн, 22-сентябрда 200 метрликте жана 25-сентябрда 50 метрликте бактысын сынайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан