Инчхон-2014: Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Вьетнамга 1:0 эсебинде утулганына карабай кийинки баскычка чыкты

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында өтүп жаткан футбол боюнча мелдештердин “Н” тайпасында оюндар жыйынтыкталды. Кыргызстан олимпиадалык курама командасы Вьетнамга 1:0 эсебинде утулганына карабай кийинки баскычка чыкты.

Вьетнам менен Кыргызстандын оюну катуу чыңалыштык астында өттү. Вьетнамдыктар чабуул артынан чабуул уюштурганы менен, мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү пайдалана алышкан жок. Кыргызстандыктар болсо коргонууга ыктап, кези келгенде каршы чабуулдарды уюштуруп жатышты. Валерий Кичин менен Евгений Дорогинский гол жаратууга мыкты мүмкүнчүлүк табышканы менен, голго айландыра алышкан жок. Оюндун 60-мүнөтүндө Кыргызстандын коргоочусу Азамат Байматов айып аянтында колу менен ойногондугу үчүн калыс вьетнамдыктарга пенальти тебүү укугун берди. Алар 11 метрликте таамай чыгып, эсепти ачышты. Ошентип, оюн 1:0 эсебинде аяктап, эки команда тең тайпадан чыкты.

Кошумчалай кетсек, Вьетнам олимпиадалык курамасы Иран (4:1) менен Кыргызстанды (1:0) утуп, карамагындагы 6 упай менен тайпадан биринчи орунду ээледи. Эми вьетнамдыктар “G” тайпасынан экинчи болуп чыккан БАЭнин курамасы менен ойнойт. Ал эми Кыргызстан менен Иран тең ойноп, бирден упай алышкан. Кыргызстан өз дарбазасына 2 гана гол өткөргөндүктөн (Иран 5 гол өткөргөн), кийинки баскычка чыкты. Футболчуларбыздын кийинки баскычтагы атаандашы "G" тайпасынан биринчи болуп чыккан Иордания олимпиадалык курамасы болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
LIVER
2014-09-22 16:36:02
Когда нибудь наши кривоногие футболисты заиграют
-1
jigit.paren
2014-09-22 19:08:53
биздин футболчулар качан тайпадан чыкчу эле, бул жолу тайпадан чыгыптыр буга да шугур кылалы, эми иорданияны утуп чейрек финалга чыгышынарга тилектешмин. Алга Кыргызстан!
+1
azamat7386
2014-09-22 22:17:04
Кыргызстан алга!!!
+1
Nursss_Real_Madrid
2014-09-23 11:33:37
байматов жаш баладай эле 11 метрликти тапты да. алыстан келаткан топту тосо албай
0
nurkasym-2014
2014-09-23 12:30:47
Оюун деген оюун бирок биздикилер аракет кылыш керек мындан аркы оюундарда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан