Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү байгеге илинбей калышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Курамга жалпысынан 9 дзюдочу кирген. Спортчулардын ичинен байгеге илингендери болгон жок.
Кыз-келиндер арасында Айганыш Аманова (48 килограмм салмакта), Ксения Бельдягина (52 кг), Мээрим Момунова (57 кг), Гүлжаз Саимова (63 кг) өз салмактарында биринчи беттештеринде утулуп, чемпиондук жарыштан чыгып калышты. Ал эми 70 килограмм салмакта Айжан Карыбекова биринчи атаандашын утуп, бирок чейрек финалда жеңилүүгө мажбур болду. Ал эми 78 килограммдан жогорку салмакта Нагира Сарбашова 3 беттеште жеңүүчү аталып, коло медаль үчүн болгон күрөштө жеңилүү ызасын тартты.
Ал эми уландар арасында Болот Токтогонов (100 килограмм салмакта) менен Юрий Краковецкий (100 килограммдан жогорку салмакта) 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, утулуп калышты. Ал эми Бакытбек уулу Арген 60 килограмм салмакта биринчи беттешинде утулган.