Кикбоксинг боюнча Кыргызстан курама командасы 23-28-сентябрь аралыгында Орусиянын Анапа шаарында өтүүчү Дүйнө кубогуна аттанды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курамга Касымбеков Уланбек (“Алыш” клубу), Бекжан уулу Адилет (“Алыш”), Сүйүнбаев Мирбек (“Гермес-профи”), Воинов Радик (“Гермес-профи”), Федосеев Алексей (“Гермес-профи”), Дүйшөмбиев Айбек (“Гермес-профи”), Воинов Эрик (“Гермес-профи”), Ибраимов Мирлан (“Гермес-профи”), Жалиев Кумар (“Гермес-профи”), Халилова Шахриза (“Гермес-профи”), Ибрагимова Ясмина (“Гермес-профи”), Нуралиев Таласбек (“Восток”), Жолдубай уулу Бактыяр (“Замандаш”), Аманбеков Авазбек (“Маралбек”), Абдыраимов Куан (“Маралбек”), Атазов Шайлообек (“Таймаш”), Сагымбай уулу Сыргак (“Таймаш”), Кудайберди уулу Олжобай (“Ош-Азия”), Фозилжон уулу Икбол (“Космос”), Абиджан уулу Бахтинур (“Космос”) сыяктуу кикбоксчулар киришти.