Бир айга жакын убакытта Бишкек ШИИБинин көчмө мобилдүү тобу 54 кылмыштын бетин ачты

Бишкек ШИИБинин алдында түзүлгөн түнкүсүн баш калаадагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу көчмө мобилдүү топ 2012-жылдын 30-декабрынан 2013-жылдын 25-январына чейин 54 кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Токмоктоо фактысы боюнча 4, уурулук боюнча 8, талап-тоноочулук боюнча 7, алдамчылык боюнча 3, денеге оор зыян келтирүү боюнча 18, бейбашчылык боюнча 11, зордуктоо 7 жана башка кылмыштар катталган. Ошондой эле түнкү күзөт учурунда 9 миң 790 унаа текшерүүгө алынып, 1 миң 257 протокол түзүлдү. Текшерилген унаалардын 366сы айып аянтчасына алынып барылган. Бир айга жакын аралыкта 248 айдоочу мас абалында кармалган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан