Муз үстүндө бийлөө боюнча Кышкы Олимпиада оюндарынын 2 жолку чемпиону, белгилүү орусиялык спортчу Евгений Плющенко кайтып келип, кезектеги Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы спортчу “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында далысындагы оорудан улам жекеликте оюн көрсөтө алган эмес. Жакында операциядан соң ал 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу ниети бар экенин билдирген.
Кошумчалай кетсек, Пхёнчхан шаарында Кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын февраль айында өтөт. Плющенко буга чейин акыркы 4 Кышкы Олимпиадага катышкан.