Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында рингге чыккан боксчу Болотбек уулу Эркинбек биринчи беттешинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы спорттук делегациясынын басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Анын айтымында, Болотбек уулу Эркинбек 69 килограмм салмактык бөлүктө Цинлей Сонам менен кез келип, упайлардын эсебинен жеңишке жетишти. Кыргыз мушкеринин кийинки атаандашы Япониянын өкүлү болмокчу.