Бакай-Ата районундагы үй-интернатынын кызматкери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн багытталган жөлөк пулду мыйзамсыз алып жүргөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кечээ, 24-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Манас районунун мамлекеттик нотариусу мыйзам талаптарын бузуп, аталган кызматкерге ишеним кагазын берген. Мунун негизинде үй-интернатынын кызматкери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн багытталган жөлөк пулду мыйзамсыз алып жүргөнү аныкталган. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.