Волейбол боюнча түштүк региондун биринчилиги башталды

Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарында волейбол боюнча түштүк региондун клубдар аралык биринчилиги старт алат. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдештин жеңүүчүсү 3 турдан соң аныкталат. Ага 7 клуб катышат. Жобо боюнча, командалар ар бир турда бири-бири менен толук ойноп чыгышат.

Мелдеш “Ош бажы” (Ош шаары), “Дархан ОшТУ” (Ош), “Тримекс” (Ош), “Жаш-Күч” (Ош), “Жаштык-Сузак-1” (Жалал-Абад), “Жаштык-Сузак-2” (Жалал-Абад), “Сүлүктү” (Сүлүктү) клубдарынын катышуусунда өтөт.

Кошумчалай кетсек, 2013-жылы түштүк аймагы боюнча “Ош бажы” командасы жеңүүчү аталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан