Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында спорттук таймаштар уланууда. 25-сентябрга карата командалык эсепте медалдардын саны боюнча Кытай алдыда келүүдө (134 медаль). Ал эми үй ээси Түштүк Корея азырынча экинчи орунду сактап келүүдө. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курамасы азырынча медаль ута элек.
Медалдардын саны боюнча алдынкы бештик:
Орун Өлкө Алтын Күмүш Коло Жалпы
1 Кытай 71 34 29 134
2 Түштүк Корея 28 29 26 83
3 Япония 21 32 28 81
4 Казакстан 6 7 16 29
5 Түндүк Корея 4 7 8 19