Ноокат районунда 17 жаштагы бала 4 жаранды бычактап салды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, бул окуя аталган райондун Ата-Мерек айылынын "Үч-Бай" кафесинде болгон. Анда коңшу айылдан келишкен 19-20 жаштардагы 4 бала менен аталган айылдын 17 жаштагы тургунунун ортосунда уруш чыккан. Анын натыйжасында 17 жаштагы Ж.М. тиги төртөөнү бычак менен сайып салган. Учурда кылмышка шектүү катары Ж.М. кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, жараат алгандардын биринин абалы оор.