9-20-сентябрь аралыгында Бельгияда Атайын Олимпиаданын IV европалык оюндары болуп өттү. Ден соолугу акыл-эси жактан чектелген адамдардын жашоого туруктуулугун, жашоого болгон эркин спорттук жетишкендиктер аркылуу көрсөтүүгө багытталган мелдешке Кыргызстандан да спортчулар катышып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда "Special olympics" коомунун президенти Канат Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, мелдеш спорттун жеңил атлетика, стол тенниси, кичи футбол, баскетбол, боулинг, дзюдо, велоспорт жана бадминтон түрлөрү боюнча өткөрүлдү. Анда кыргызстандыктардан теннис боюнча Асыкбеков Кайрат Оксана Мальяренко менен жуптукта алтын утуп, жекеликте күмүш тагынды. Ал эми Алмазбек уулу Дастан менен Бейшенкулов Максат дзюдо боюнча коло медалдарды багындырышты.