Инчхон-2014: Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Иорданияга 2:0 эсебинде утулуп, мелдештен чыгып калды

“Инчхон-2014” Жайкы Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы жарым чейрек финалдык оюнда Иордания курамасы менен беттешти.

Беттештин негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктады. Негизги убакытта кыргызстандыктар коргонууга ыктап, каршы чабуул уюштуруп жатты. Биздин футболчулардан ылдамдыгы жана чеберчилиги жагынан анча көп айырмаланбаган иорданиялыктар топту көзөмөлдөштү. Стандарттык абалдарда Кыргызстан гол жаратууга мүмкүнчүлүк тапканы менен, гол жаратуу мүмкүн болгон жок. Оюндун негизги убактысы аяктаган соң эреже боюнча командалар 15 мүнөттүктөн эки тайм ойномой болушту. Биринчи 15 мүнөттүктө эки команда тең канча аракет кылбасын, эсеп 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Ал эми экинчи 15 мүнөттүк иорданиялыктарга жеңиш, аны менен катар чейрек финалдык жолдомо алып келди. Кыргызстандыктар коргонууда ката кетирип, каршылаштарга бурчтан чыгарып берүүдө бир гол жаратуу мүмкүнчүлүгүн түзүп коюшту. Бир гол жараткан соң Иорданиянын оюнчулары коргонууга ыктап, каршы чабуулдун аракетин көрүп жатышты. Экинчи голду алар каршы чабуулда киргизип, эсеп айырмачылыгын 2 голго жеткиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Patrik
2014-09-25 16:53:16
Неге бардынар дейм да эми адам санын кобойтуп
+1
adidilet
2014-09-25 16:58:15
Patrik, озун алардын кандай ойногондорун корбой туруп, кантип жазып жатасын?Же спортту тушунбогондон кийин жазбай эле кой да.
+1
sirgak_92
2014-09-25 19:46:07
Patrik, cty ,сен биринчи кандай ойногонун кордун бекен оозуна келгенин оттой бербе же жолуктурам бетине айтып кор да
+2
LIVER
2014-09-25 17:02:16
Кыргызстанды уят эле кылды, то Казахстанга 7-0 уткузуп Позор!!!
0
adidilet
2014-09-25 17:29:41
LIVER, Ал улуттук курам болчу.Бул олимпиадалык курам.23 жашка чейинкилер.
0
adidas.08
2014-09-25 17:10:58
Азаматсынар
0
Timon
2014-09-25 20:23:39
Ээ мекендештер мен барып көрдүм оюнду..оюн аябай жакшы өттү..биздин оюнчулар аябай жакшы оюн көрсөттү..бир гана оомат жетпей калды бизге..бул да болсо оюн..адам санын көбөйтүп же уят кылып неге бардыңар дебестен колдоп коёлу. Кыргызстандын аты желеги ушулардын артынан таанылып атат.. Балдар Баракелде..
+2
LIVER
2014-09-26 10:24:59
adidilet
Андай эмес, ошол эле оюнчулар журот, у нас нету такого, мы же Кыргызстан
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан