Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков 56 килограмм салмактык бөлүктө чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, беттеш бүгүн, 26-сентябрда болуп өттү. Жарым чейрек финалдык беттеште Ө.Малабеков Тайбэйдин өкүлү Ли Ю Че менен кез келди. Калыстар 3 раунддун жыйынтыгында жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты. Чейрек финалдык беттеш 30-сентябрда орун алат.