Бүгүн, 26-сентябрда “Инчхон-2014” Жайкы Азия оюндарынын алкагында теннис боюнча жарым чейрек финалдык оюндар орун алды. Анда кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев жекеликте япониялык Юичи Сугита менен кез келип, 3 сеттин жыйынтыгында утулуп калды (6:0, 6:7, 6:1). Беттеш 1 саат 46 мүнөткө созулду. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, буга чейин командалык оюнда да утулуп калган Д.Дулдаев чемпиондук жарыштан чыгып калды.