Бүгүн, 26-сентябрда кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу (сүрөттө оңдо) Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 60 килограмм салмакта чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мушкер чейрек финалдык жолдомо үчүн палестиналык мушкер Алаеддин Ровайда менен кез келмек. Бирок белгисиз себептерден улам палестиналык мушкер рингге чыккан жок. А.Сулайманбек уулу кезектеги беттешин 29-сентябрда монголиялык мушкерге каршы өткөрөт.