Футбол боюнча "Легенда кубогун" "Алга" утуп, белгилүү Дүйнө чемпионунун колунан кубок алды (фоторепортаж)

“Алга” (Бишкек) - “Нефтичи” (Кочкор-Ата) – 4:0

Голдор: Мирбек Акматалиев (10-мүнөттө), Турсунбай Хусанов (14-мүнөттө), Мирбек Акматалиев (49-мүнөттө), Рустамов (59-мүнөттө)   

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Легенда кубогу" үчүн беттеш болду. Анда бишкектик “Алга” менен кочкор-аталык “Нефтичи” кез келди. Оюнга Франциянын курамында 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европа чемпиондугун уткан белгилүү футболчу Юрий Жоркаефф күбө болду. Жылына бир ирет уюшулуп, 2 футболдук клубдун оюнунан турган "Легенда кубогунун" өзгөчөлүгү - атактуулардын катышуусунда өткөндүгүндө. Салтты улай Ю.Жоркаефф алгач ортодон топту баштап берип, оюн аягына чейин четте көрүүчү катары отурду. Жеңүүчү аныкталган соң ал командаларга байгелерин ыйгарды.

Оюн 30 мүнөттөн 2 тайм болуп, толук бойдон “Алганын” үстөмүгү астында өттү. Албетте, бул клуб бул беттеш үчүн көп убакыттан бери даярданып келген. Ал эми “Нефтичи” клубу оюнга бир апта калганда гана даярдыкты баштаган. Себеби буга чейин кубокту бишкектик “Алга” менен оштук “Алай” талаша турганы айтылып келип, бирок беттешке 1 апта калганда “Алай” оюндан баш тарткан. КРнын Футбол федерациясынын сунушу менен “Алайдын” ордуна “Нефтичи” ойномой болгон. Оюнга эки команданын бирдей даярдыкта эмес экенин эске алып, бул кубокту “Алга” оңой гана утканын айта кетишибиз керек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurando
2014-09-27 18:44:22
Ronaldo
0
noname
2014-09-28 01:41:05
Коруучулор,куйормандар жокко
0
Patrik
2014-09-28 17:35:02
Алай барганда женмек
-1
Lintel
2014-09-29 09:24:22
Patrik, Алай уталбай калышына козу жетип барай койду коркоктор. Мелис жок талап жок быйылкы сезондо эч бир байге жок буларга.
0
raushen
2014-09-29 10:22:38
трубанада пусто го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан