Бүгүн, 27-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында Эламан Догдурбек уулу эркин күрөш боюнча коло медаль утту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Э.Догдурбек уулу 70 килограмм салмакта күрөшүп, башта түштүк кореялык Манхо Оху аттуу балбанга утулуп калды. Кореянын өкүлү финалга чыгуу менен кыргызстандык балбанга коло медаль үчүн күрөшүү укугун берди. Э.Догдурбек уулу 3-орун үчүн болгон беттеште Түндүк Кореянын өкүлү менен кез келип, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, бул Кыргызстандын спортчуларынын Азия оюндарынын алкагында уткан экинчи медалы. Биринчи медалды веложарышчы Евгений Ваккер камсыздаган.