Бүгүн, 28-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында Магомед Мусаев эркин күрөш боюнча күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Магомед Мусаев 97 килограмм салмакта күрөшүп, финалда ирандык Реза Яздани менен беттешип, 14:4 эсебинде утулуп калган.
Кошумчалай кетсек, бул Кыргызстандын спортчуларынын Азия оюндарынын алкагында уткан үчүнчү медалы. Биринчи медалды веложарышчы Евгений Ваккер камсыздаган.