27-сентябрда Ош шаарында волейбол боюнча түштүк региондун клубдар аралык биринчилигинин биринчи туру аяктады. 3 турдан соң жеңүүчүсү аныктала турган мелдештин биринчи турунда “Ош бажы” командасы алдыга суурулуп чыкты. Ал эми экинчи орунга “Жаштык-Сузак” өз атын жазса, үчүнчү орунду азырынча “Жаш күч” командасы ээлеп келүүдө. Түштүк региондун экинчи туру 25-октябрда старт алат. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, жалпысынан мелдешке 7 клуб катышты. Жобо боюнча, командалар бул турда бири-бири менен бирден оюн ойноп чыгышты.