Инчхон-2014: Командалык эсепте Кыргызстан 4 медаль менен 26-орунда келүүдө

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында командалык эсепте медалдардын саны боюнча Кытай биринчи орунда келүүдө. Кытайлык спортчулар бул мелдеште жалпысынан 217 медаль тагынып, командалык эсепте биринчи орунду дээрлик камсыздады десек болот. Ал эми алдынкы бештикте Түштүк Корея, Япония, Казакстан, Түндүк Корея мамлекеттери бар. Акыркы 2 күндө 4 медаль алган Кыргызстан курама командасы медаль уткан 32 мамлекеттин катарына кирип, азырынча 26-орунду ээлеп келүүдө. Мелдешке жалпысынан 45 мамлекет катышып жатат.

Командалык эсеп:

Орун    Өлкө                      Алтын          Күмүш          Коло              Жалпы

1          Кытай                       105                 63                   49                   217

2          Түштүк Корея          42                   48                   47                   137

3          Япония                     34                   46                   46                   126

4          Казакстан                 9                     12                   21                    42

5          Түндүк Корея           8                     8                     9                      25

26        Кыргызстан                                     2                     2                      4  

Кошумчалай кетсек, кыргызстандык спортчулардан веложарышчы Евгений Ваккер менен балбан Магомед Мусаев күмүш тагынган. Ал эми коло медалдарды Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) менен Эламан Догдурбек уулу (эркин күрөш) багындырышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patrik
2014-09-29 10:47:21
Биз да 20-30 медаль алсак болот эле
0
semakg
2014-09-29 10:50:20
Алтын жок экенда э? Ошентседа тузук жоктон коро жогору. Кобонов, Эралиев, Тумонбаевтер барганбы?
0
Максат Кудайбердиев
2014-09-29 11:20:49
semakg, саламатсызбы!? Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев жана Руслан Түмөнбаев Азия оюндарына барчу курамда жок.
0
jigit.paren
2014-09-29 11:09:39
алар эмнегедир барбай калышыптыр, себебин админ жазып койосуздарбы!
0
Максат Кудайбердиев
2014-09-29 11:23:05
jigit.paren, саламатсызбы!? Азия оюндары континенттеги эң беделдүү мелдеш болгондуктан курамды тандоого өзгөчө көңүл бурулат. Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев жана Руслан Түмөнбаев сыяктуу балбандар өз салмактарында Кыргызстандын негизги курамына кирбей калышкан. Азия оюндарына өз салмактарында №1-спортчулар гана катышууда.
0
skatoruk
2014-09-29 11:58:44
Азаматсынар кыргызстандык спортчулар!!!
+1
dos
2014-09-29 13:55:36
Биздикилерге алтындын эмне кереги бар Кумтордо турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан