Инчхон-2014: Бүгүн боксчулар Азат Усеналиев менен Акжол Сулайманбек уулу чейрек финалдык беттештерин өткөрөт

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 29-сентябрда 2 кыргызстандык мушкер чейрек финалдык беттештерин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 60 килограмм салмакта Акжол Сулайманбек уулу монголиялык Отгондалай Доржнямбу менен кез келсе, 52 килограмм салмакта Азат Усеналиев пакистандык Мухаммад Васеем менен беттешет. Ошондой эле 75 килограмм салмактык бөлүктө жарым чейрек финалда Азамат Каныбек уулу индиялык Кришан Викаска каршы рингге чыгат.  

Кошумчалай кетсек, аталган мушкерлерден тышкары кыргызстандыктардан Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Өмүрбек Малабеков (56 кг) жана Эрмек Сакенов (64 кг) алгачкы беттештерин утуп, чейрек финалдык жолдомолорду алышкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patrik
2014-09-29 10:44:37
Ийгилик. Умут силерде
0
realliver
2014-09-29 11:04:16
Азат Усоналиевден ишеним чон. Ушул жигит чемпион болушу керек. Калган боксерлорго дагы ийгилик! Малабеков, Сакеновдор дагы мыкты боксерлорубуз
0
MEDER_KULETOV
2014-09-29 11:52:59
Бокстан кутот окшойбуз алтынды
0
Gen_fanat
2014-09-29 12:02:06
акжол сен чемпион болушун керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан