Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн азиат улутундагы кыздын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда кыздын зордукталып, анан муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Ошол күнү кыздын өздүгү такталып, ал 1995-жылы туулган Жумгал районунун тургуну экени маалым болгон. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окучу. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган жаран Тажикстандын аймагынан кармалган.
“Кылган ишимди моюнума алам. Капысынан болуп калды. Ал учурда мас абалында болчумун. Алгач балдар менен Совет жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жолукканбыз. Кийин кыздар менен жолугуп, мен иштеген жерге бардык. Досум биринчи кабатта, мен жер төлөдө болчумун. Тааныш кыз менен сүйлөшүп отуруп, уруша кеттик. Анан муунтуп өлтүрүп алдым. Кыз менен социалдык түйүндөр аркылуу таанышканбыз”,- деди кылмышка шектелип кармалган жаран.