“Инчхон-2014” Жайкы Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 29-сентябрда эркин күрөш боюнча медалдар ойнотулуп жатат. Кыргызстандык балбан Улан Надырбек уулу 61 килограмм салмакта чейрек финалда утулуп калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, ал казакстандык Даулет Ниязбеков менен күрөшүп, жалпы эсепте 3:0 эсебинде утулуп калды. Эми У.Надырбек уулунун медаль үчүн күрөшүп-күрөшпөсү казакстандык спортчунун финалга өтүүсү менен байланыштуу болот.
Кошумчалай кетсек, бул күнү 74 килограмм салмакта кармаш өткөргөн Иннокентий Иннокентьев да чейрек финалда жеңилип калды.