Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында чейрек финалда утулуп, чемпиондук жарыштан чыгып калды. 52 килограмм салмактык бөлүктө Азат пакистандык Мухаммад Васеем менен беттешип, башкы мүнөттөрүндө өз активдүүлүгүн көрсөтүп баштаган. Көп өтпөй Азат каршылашы менен сүзүшүп, кашы жарылып кетти. Кан токтобогонунан улам дарыгерлердин кийлигишүүсү менен калыс беттешти токтотту. 28 секундга созулган беттеште пакистандык мушкер техникалык нокаут менен жеңишке жетишип, жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.