Кыргызстандык кикбоксчулар 23-28-сентябрь аралыгында Орусиянын Анапа шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 6 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу КРнын Кикбоксинг федерациясынан кабарлашты. Жалпысынан мелдешке 26 кыргызстандык катышкан.
Лоу-кик түрүнөн 63,5 килограмм салмакта Хакимов Аброр алтын медаль утса, 54 килограмм салмакта Ахмаджанов Даврон күмүш медаль уткан. Ал эми кыз-келиндер арасында Ибрагимова Ясмина фулл-контакт түрүнөн рингге чыгып, 60 килограмм салмакта колону багындырды. Андан тышкары Касымбеков Уланбек, Аманбеков Авазбек, Икбол Фозилжон уулу, Сыргак Сагымбай уулу, Абдраимов Куан биринчиликти багындырышса, Шайлообек Атазов менен Кумар Жалиев өз салмактарында экинчи орунду ээлешти. Ал эми коло тагынгандар Воинов Радик, Адилет Бекжан уулу жана Нургалиев Таласбек сыяктуу спортчулар болушту.
Фулл-контакт түрүнөн болсо Олжобай Кудайберди уулу экинчи орунду ээлесе, К-1 түрүнөн Халилова Шахриза үчүнчүлүккө, Алексей Федосеев экинчи орунга өз ысымын жазды.