Бүгүн, 30-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында 3 кыргызстандык мушкер рингге чыгат. Ошондой эле Жанарбек Кенжеев баштаган балбандар өз салмактарында күрөшөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мушкерлерден Өмүрбек Малабеков 56 килограмм салмакта кытайлык Жиавей Цанг менен кез келсе, 49 килограмм салмакта Турат Осмонов Монголиянын өкүлүнө каршы турат. Ал эми 64 килограмм салмактык бөлүктө Эрмек Сакенов түштүк кореялык мушкер менен рингге чыгат.
Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмакта Калыбек Жолчубеков, 71 килограмм салмакта Кожобек уулу Эсенгелди жана 80 килограмм салмакта Жанарбек Кенжеев күрөшкө түшүшмөкчү.