Бүгүн, 30-сентябрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2-тур оюндарынын алкагында 8 беттеш орун алат. Күндүн башкы беттештери “Е” жана “F” тайпаларында болмокчу. “Е” тайпасында орусиялык ЦСКА мюнхендик “Бавария” менен кез келсе, Англиянын өткөн жылдагы чемпиону “Манчестер Сити” италиялык “Романы” өз үйүндө кабыл алат. Ал эми Франциянын чемпиону ПСЖ каталондук “Барселона” менен конокто ойнойт. Бул оюнга ПСЖнын лидери Златан Ибрагимович жаракатынан улам катышпайт.
Оюндар Бишкек сааты боюнча 00:45те башталат. ЦСКА - “Бавария” беттеши 22:00гө туураланган.
“Е” тайпасы
ЦСКА (Орусия) – “Бавария” (Германия)
“Манчестер Сити” (Англия) – “Рома” (Италия)
“F” тайпасы
ПСЖ (Франция) – “Барселона” (Испания)
АПОЭЛ (Кипр) – “Аякс” (Голландия)
“G” тайпасы
“Спортинг” (Португалия) – “Челси” (Англия)
“Шальке” (Германия) – “Марибор” (Словения)
“H” тайпасы
“Шахтёр” (Украина) – “Порту” (Португалия)
БАТЭ (Беларусь) – “Атлетик” (Испания)