“Инчхон-2014” Жайкы Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 30-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп жатат. Мелдештин жүрүшүндө кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев чейрек финалда 80 килограмм салмакта кытайлык Чен Вей менен беттешип, жеңишке жеткен. Бирок финалга чыгуу үчүн болгон таймашта япониялык Цурумаки Цукассага 4:2 эсебинде утулуп калды. Эми кыргызстандык балбан коло байге үчүн болгон беттеште йемендик балбан менен күч сынашат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.