Инчхон-2014: Кыргызстан курамасынын капитаны Жанарбек Кенжеев грек-рим күрөшүнөн коло медаль утту

“Инчхон-2014” Азия оюндарында кыргызстандык балбан, Кыргызстан курама командасынын капитаны Жанарбек Кенжеев грек-рим күрөшү боюнча 80 килограмм салмакта коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ж.Кенжеев чейрек финалда япониялык Цукаса Цурумаки менен беттешип, утулуп калган. Япониялык балбандын финалга чыгуусу менен ал коло медаль үчүн күрөштү уланткан. Натыйжада Йемендин өкүлү менен коло медаль талашып, 5:0 эсебинде утуп алды.

Кошумчалай кетсек, бул медаль Кыргызстандын Азия оюндарындагы бешинчи медалы. Буга чейин Евгений Ваккер, Эламан Догдурбек уулу, Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбекова сыяктуу спортчулар жеңиште медаль тагынышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ibragim864
2014-09-30 17:52:48
Азаматсын,чыныгы капитандын жениши!Кыргызстан командасы учун жакшы ийгиликтер болсун.
0
Dadasdasd
2014-09-30 18:14:07
Азаматтар!
0
Aminadj
2014-09-30 22:32:17
Респект
0
Patrik
2014-10-01 09:23:02
Красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан